Содержимое курса
Эң маанилүү жанагы, активдүүлүк сабагы!
Балдар! Бүгүн биз физикалык активдүүлүк жөнүндө кыскача маалымат алабыз. Физикалык активдүүлүк – бул адамдын денеси кыймылда болгон бардык аракеттери. Мисалы: басуу, чуркоо, ойноо, бийлөө, спорт менен машыгуу.
САБАКТАР
физикалык активдүүлүк боюнча сабактар бир нече бөлүктөн турат, аларды окуп чыгып, эсиңерге сактап калгыла жана сабактардан кийин тесттен өтүүнү унутпагыла! Тесттен ийгиликтүү өтсөңөр сертификат аласыңар.
0/4
5-класстар үчүн «Физикалык активдүүлүк»

Физикалык көнүгүүлөрдүн пайдасы

Физикалык активдүүлүк:

  • жүрөк жана өпкөнү бекемдейт

  • денени күчтүү жана ийкемдүү кылат

  • дене салмагын туура кармоого жардам берет

  • оорулардын алдын алат

  • маанайды жакшыртат

  • окууда жакшы жетишкендиктерге жардам берет

Эсиңерде болсун:
Кыймыл – ден соолуктун негизги шарттарынын бири. Күн сайын активдүү болуп, спорт менен машыгып турсаңар, ден соолугуңар чың болот.

 
Баса! Эгер окуп чыгып, жакшы түшүнсөңөр анда тесттен өтүүнү унутпагыла!