Содержимое курса
Эң маанилүү жанагы, активдүүлүк сабагы!
Балдар! Бүгүн биз физикалык активдүүлүк жөнүндө кыскача маалымат алабыз. Физикалык активдүүлүк – бул адамдын денеси кыймылда болгон бардык аракеттери. Мисалы: басуу, чуркоо, ойноо, бийлөө, спорт менен машыгуу.
САБАКТАР
физикалык активдүүлүк боюнча сабактар бир нече бөлүктөн турат, аларды окуп чыгып, эсиңерге сактап калгыла жана сабактардан кийин тесттен өтүүнү унутпагыла! Тесттен ийгиликтүү өтсөңөр сертификат аласыңар.
0/4
5-класстар үчүн «Физикалык активдүүлүк»

Физикалык активдүүлүктүн түрлөрү

1. Төмөнкү физикалык активдүүлүк
Бул учурда адам дээрлик кыймылда болбойт.
Мисалы:

  • уктоо

  • жатып китеп окуу

  • телевизор көрүү

  • телефон же компьютер менен көп отуруу

2. Орточо физикалык активдүүлүк
Бул учурда дене бир аз иштеп, жүрөк тезирээк согуп, адам жеңил чарчоону сезиши мүмкүн.
Мисалы:

  • тез басуу

  • бийлөө

  • бакчада же огороддо иштөө

  • үй жумуштарын аткаруу

  • үй жаныбарлары менен сейилдөө

  • ат минүү

3. Жогорку интенсивдүү физикалык активдүүлүк
Бул учурда дене көп иштеп, адам тердеп, тез-тез дем алат.

Мисалы:

  • чуркоо

  • тоого чыгуу

  • велосипедди катуу тебүү

  • сууда тез сүзүү

  • футбол, волейбол, баскетбол сыяктуу спорттук оюндар