Содержимое курса
Эң маанилүү жанагы, активдүүлүк сабагы!
Балдар! Бүгүн биз физикалык активдүүлүк жөнүндө кыскача маалымат алабыз. Физикалык активдүүлүк – бул адамдын денеси кыймылда болгон бардык аракеттери. Мисалы: басуу, чуркоо, ойноо, бийлөө, спорт менен машыгуу.
САБАКТАР
физикалык активдүүлүк боюнча сабактар бир нече бөлүктөн турат, аларды окуп чыгып, эсиңерге сактап калгыла жана сабактардан кийин тесттен өтүүнү унутпагыла! Тесттен ийгиликтүү өтсөңөр сертификат аласыңар.
0/4
5-класстар үчүн «Физикалык активдүүлүк»

Канча убакыт кыймылдоо керек?

Балдар жана өспүрүмдөр күн сайын кеминде 60 мүнөт физикалык активдүүлүк менен алектениши керек.
Бул убакытта ойноо, спорт менен машыгуу же активдүү сейилдөө болушу мүмкүн.

Аз кыймылдоонун зыяны

Эгер адам көп отуруп, аз кыймылдаса:

  • ден соолук начарлайт

  • ашыкча салмак пайда болушу мүмкүн

  • омуртка кыйшайышы мүмкүн

  • чарчоо жана уйкунун бузулушу пайда болот

Ошондуктан телефон, компьютер жана телевизордун алдында узак отурууну азайтуу керек.